Касым-Жомарт Токаев Астананы өнүктүрүү маселелери боюнча кеңеш өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Астананы өнүктүрүү маселелери боюнча кеңеш өткөрдү

Астана өлкөнүн күзгүсү. Башка облустар менен шаарлар борбор шаарга карап бой түзөйт. Андыктан борбордо көтөрүлгөн актуалдуу маселелер системалуу түрдө жана мүмкүн болгон көйгөйлөр алдын ала чечилиши керек. Бүгүн борбор калаанын келечеги жогорку деңгээлде талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Астананы өнүктүрүү кеңешинде шаардын сырткы көрүнүшүнө жана жашоосуна терс таасирин тийгизген эң аялуу жерлерге токтолду. Бул көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана алардын алдын алуу өнүгүү дараметин кеңейтип, борбор калаанын тургундарына жана шаар конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө түрткү берет. Күн тартибиндеги биринчи маселе - жылуулук жана суу менен камсыздоо тартыштыгын чечүү, - деп белгиледи мамлекет башчысы. Бул үчүн жыл аягына чейин газ менен иштеген 2 ЖЭБди жана үчүнчү ЖЭБди ишке киргизүү пландалууда. Бирок муну менен эле токтоп калбашы керек. Президент ошондой эле ЖЭБдин экинчи фазасын жана үчүнчү от казандын курулушун бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Өкмөт акимчилик менен биргеликте келерки жылдан тарта Сатбаев каналынан шаарга түтүктөрдү тартуу иштерин баштоосу керек. Ошол эле учурда Өкмөт акимчилик менен биргеликте мындан ары суу берүүнүн альтернативдүү жолдорун кароого тийиш.


Буга кошумча президент курулуш иштерин сол жээкте эле жүргүзбөстөн, шаардын эски райондорун да эске алуу керектигин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев мындай долбоорлорго инвесторлорду тартууну тапшырды. Ал үчүн борбордун жетекчилиги ишкерлерге керектүү шарттарды түзүп бериши керек. Борбордук жана четки аймактардын ортосунда дисбаланс жок, Астананы өнүктүрүүдө тең салмактуулукту сактоо маанилүү, деди мамлекет башчысы. Анткени, бул адилет коомду түзүүнүн маанилүү аспектиси.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


Ошол эле учурда алар борбордо уникалдуу объектилерди курууну токтотушту: алар турак-жай курулушу менен абдан алек болушту. Кезинде «Абу-Даби Плаза», «Хан Шатыр», «Talan Towers» бизнес-борборлору курулду, алар бүгүнкү күндө Астананын символу болуп саналат. Акимчилик бул ыкманы кайрадан колдонуп, шаардын жаңы кооз жерлерин курууга жеке инвесторлор менен белгилүү архитекторлорду тартуусу зарыл.

Ал эми борбор калаа тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу максатында шаардагы көп тармактуу оорукана, билим берүү мекемелери жана педагогикалык университет курулат. Ошол эле учурда борбордун өнүгүүсү жанаша жайгашкан аймактардын гүлдөп-өсүшүнө түздөн түз өбөлгө түзөт. Президент өкмөткө борбор калаанын, Акмола жана Караганды облустарынын акимчиликтери менен биргеликте Астана агломерациясын калыптандыруу маселесин кароону тапшырды. Ал эми алдыга коюлган милдеттерди комплекстүү жана ыкчам чечүү максатында «Казакстандын борборунун макамыжөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков