Президенттин шайлоого канча каражат бөлүштүрүлөт?

Президенттин шайлоого канча каражат бөлүштүрүлөт?

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражат кандай бөлүштүрүлөөрүн, өлкөнүн Каржы министрлиги айтып берди. Эске салсак, бул максаттарга жалпысынан 20 жарым миллиард теңге каралган. Негизги сумма – дээрлик 17 миллиард шайлоо участкаларында иштегендердин эмгек акысына жумшалат.

Ержан Биржанов, Казакстандын каржы вице-министри:

- Бул шайлоо бюллетендерин даярдоого, байланышка, транспортко өз түйшүгүн жүктөйт жана 20 жарым миллиард теңге ушуга байланыштуу. Каражат негизинен борбордук шайлоо комиссиясына жумшалат, ал эми акчанын бир бөлүгү Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт. Жакынкы күндөрдө өкмөттүн чечими кабыл алынышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков