Венгрия – Казакстандын Евробиримдиктеги маанилүү өнөктөшү

Венгрия – Казакстандын Евробиримдиктеги маанилүү өнөктөшү

Айта кетсек, аталган өлкө, Евробиримдик мамлекеттеринин арасында Казакстандын маанилүү өнөктөшү. Өткөн жылдын 11 айында эки тараптын ортосундагы сооданын көлөмү дээрлик 30%га өсүп, 157 миллион доллардан ашыкты түздү. Келечекте Казакстан менен Венгрия өз ара байланышын чыңдоого ниеттенүүдө. Будапештте тараптар билим берүү, энергетика жана бизнес тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюшту. Ошондой эле, башка тармактарда кызматташуунун келечеги талкууланды. Бул соода, билим берүү, каржы, транспорт, экология, IT жана айыл чарбасы. Көрсөткүчтөр жөнүндө айтсак, Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 32 венгриялык жана 39 биргелешкен ишканалар ийгиликтүү иштеп жатат. Кошумчалай кетсек, Венгрия визасыз режимде Казакстанга келген 73 өлкөнүн бири. Бул багытта тараптар жигердүү кызматташып келүүдө.

Атап айтканда, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда аба транспорту боюнча макулдашууну түзүү жөнүндө келишим. Буга кошумча, Венгрия Казакстандын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна кирүүгө жардам берүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков