Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгы кеңейүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүү 1,5 миллиард доллардан ашты. Бул жатта дарамет жетиштүү. Тараптар өз ара соода алаканы эки эсеге, башкача айтканда 3 млрд АКШ валютасына чейин жеткирүүнү көздөп жатышат. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн казак-кыргыз чек арасында индустриалдык соода-логистикалык комплексти ишке киргизүү мерчемделүүдө. Мындан тышкары, өз ара соода алмашуу номенклатурасын кеңейтүү каралган. Эки тараптуу бизнес форумдар өткөрүлүп, соода миссиялары үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Региондор аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Ошол эле учурда Казакстан Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн «үчилтигине» киргендигин белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө өлкө боордош мамлекеттин экономикасына 1,3 миллиард доллардан ашык инвестиция салды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

