Казакстандын уникалдуу маданий жана жаратылыш мурасын сактоо боюнча иштери эл аралык деңгээлде таанылды. Өлкөнүн ЮНЕСКОнун тийиштүү комитетине шайлануусу буга далил. Республиканын талапкерлиги үчүн 118 мамлекет добуш берди. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк мурастар комитети эл аралык уюмдун эң маанилүү жана таасирдүү башкаруу органдарынын бири болуп саналат.
Аскар Абдрахманов, Казакстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү:
- Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине шайланышы өлкөнүн эл аралык аренадагы жогорку беделинин натыйжасы деп эсептейбиз. Алдыдагы убакытта биздин серепчилер комитеттин ишине татыктуу салым кошууга даяр. Бул үчүн аларда жетиштүү тажрыйба бар.
Эскерте кетсек, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине Казакстандын аймагындагы 6 объект кирет. Атап айтканда, Кожа Ахмет Ясауинин күмбөзү, Тамгалы петроглифтери, Сары-Арка – Түндүк Казакстандын талаалары жана көлдөрү, Жибек Жолунун Чанъань – Тянь-Шань коридорунун түйүндөр тармагы, Батыш Тянь-Шань жана Турандын мелүүн чөлдөрү. Мындан тышкары, адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине тогуз коргоол оюну, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына - «Бурабай» жана «Маркакөл» коруктары, ал эми ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине - «Ортеке» музыкалык -куурчак өнөрү киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков