Өлкөдө кайра
жанма энергия булактарынын бир нече түрү ишке киргизилет. Мисалы, Акмола
облусунда 500 кВт жаңы биогаз станциясын куруу пландалууда. Анын курулушу менен
бул багытта адистешкен немис компаниясы алектенет. Алар Европада жана Түштүк
Америкада мындай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ, дейт
өлкөнүн улуттук ишкерлер палатасы. Ушундай жол менен мал чарбачылыгынын
калдыктары айлана-чөйрөнү булгабай, сыртка үйүлбөйт. Аны кайра иштетүү жана
биогазга айландыруу абага парник газдарынын чыгышын азайтууга жардам берет. Ал
тургай өндүрүш калдыктары талаада жер семирткич катары колдонулат. Ишкананы келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Учурда Маңгыстау
облусунда чет элдик компания гибриддик электр станциясын куруп жатат. Анын
курулушун эки жылда бүтүрүү көздөлүүдө. Бул долбоор аймакты электр энергиясы менен
камсыздоо системасын ар тараптандырууга багытталган. Жалпы кубаттуулугу -120
мВт болгон гибриддик станция шамал, күн жана газ сыяктуу альтернативдүү энергия
булактарынын негизинде иштейт. Белгилей кетсек, аталган объектилер мамлекет
башчынын буйругу менен өлкөдө «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү саясатынын
алкагында курулат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков