Жаңы системанын өзгөчөлүгү казак тилинен башка дагы 9 тилди тааный алат. Тактап айтканда, азербайжан, башкыр, кыргыз, өзбек, уйгур, саха, татар, түрк жана чуваш тилдерин автоматтык түрдө аныктайт. Каалаган тилдеги аудио баскычын басуу менен айтылган сүйлөм заматта текстке айланат.
Рүстем Ешпанов, акылдуу тутумдар менен жасалма интеллект институтунун техникалык документтерин иштеп чыгуучусу:
- Долбоорубуздун максаты – түрк тилдеринин фонетикалык, лексикалык жана морфологиялык окшоштуктарын колдонуу менен санариптик дүйнөдө лингвистикалык жана сүйлөм ресурстары аз түрк тилдеринде сөздү таануу системасын өнүктүрүүгө салым кошуу. Мисалы, виртуалдык жардамчыга бир нерсе айтсаң, ал баарын жазуу жүзүндө берет.
Жаңы системаны чөнтөк телефонуңузга бекер жүктөп алууга болот. Окумуштуулардын айтымында, аны жаратууга жарым жыл убакыт кеткен. Алар бул идея Азия, Европа жана АКШнын моделдерине негизделгенин жана жасалма интеллект тармагындагы улуттук дараметти өнүктүрүүгө багытталганын айтышат.
Хусейн Атакан Варол, профессор:
- Бул системаны Казакстандын бардык электрондук порталдарында колдонууга болот. Аны сайт аркылуу акысыз көчүрүп алса болот. Учурда биз иштеп жаткан долбоорлордун баары өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө жана аталган тармакта тажрыйбалуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков