«TurkicSkills» чемпионаты Актауда башталды

«TurkicSkills» чемпионаты Актауда башталды

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору – Актау шаарында «TurkicSkills» кесиптик чеберчилик боюнча I Эл аралык чемпионаты өтүп жатат. Ага Казакстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Венгриядан 70тен ашык студент жана жаш адис катышууда. Сынактар инженерия, маалыматтык технологиялар, кулинария, робототехника, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана башка багыттар боюнча 10 компетенцияда өтүүдө. Окутуучулар да квалификациясын жогорулата алышат. Алар үчүн тренингдер, ар кандай семинарлар жана көргөзмөлөр өткөрүлүүдө. Мисалы, алардын биринде Маңгыстау туризм колледжинин педагогу Нурай Еламан казак ишириндиктеринин негизинде өзүнүн автордук ишин – быштактан жасалган балмуздакты тартуулады. Мындан тышкары, башка гастрономиялык өзгөчөлүктөр да көрсөтүлдү. Жеңүүчүлөрдү ушул аптада ар кайсы өлкөлөрдөн келген 90 серепчи аныктайт.


Сисак Золтан, Серепчи, Венгрия:


- Биз сынакка чоң кубаныч менен катышып жатабыз. Бул чемпионат катышуучулар үчүн кийинки мелдештерге чейин машыгуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк. WorldSkills — бул эл аралык кыймыл. Өлкөлөр да анын катышуучусу болгонуна кубанычтабыз. Ушундай сынактардын аркасында бири-бирибиз менен таанышабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков