Астананын 25 жылдык мааракесине арналган боордош шаарлар форуму өттү

Астананын 25 жылдык мааракесине арналган боордош шаарлар форуму өттү

Азыр калаанын экономикасы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10 пайыздан ашыгын түзөт. Боордош шаарлар форумунун ачылышында Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн борбору дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан шаарлардын бири экенин баса белгиледи. Акыркы жылдары Астананын аймагы үч эсеге, калкынын саны төрт эсеге өстү. Адистердин айтымында, 2030-жылга чейин борбор калаанын тургундарынын саны эки миллионго жетет. Мамлекет башчысы бүгүн борбор калаа диндер аралык диалогдун жана руханий дипломатиянын борборуна айланганын айтып өттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Астана – келечеги кең шаар. Буга байланыштуу биз “жашыл шаар” идеясын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Борборубуз биринчи кезекте тургундар үчүн ыңгайлуу калаа болушу керек. Астана региондогу эң ири каржы борбору. Дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн эки миңден ашык компания бизнес жүргүзүү үчүн Астана эл аралык каржы борборун тандады. Бүгүнкү күндө Каржы борбору өлкөбүзгө 8 миллиард доллар инвестиция тартты. Бул жакшы көрсөткүч. Дүйнөлүк саясатчылар Астананы тынчтыктын жери деп аташат. Бул жерде ар кандай көз караштагы, кызыкчылыктары карама-каршы келген өлкөлөр тынчтыкка келишкен. Келечекте Астана биздин геосаясий аймактын маанилүү борбору катары өнүгүүсүн улантат. Мен буга толук ишенем.

Президенттин айтымында, мегаполистердин ийгилигинин негизги көрсөткүчү тургундардын жашоо сапаты менен өлчөнүшү керек. Шаарлардын сапатын башкарууда жаңы технологиянын ролу өзгөчө. Астана “Акылдуу шаар” концепциясын кабыл алган көрсөткүч боюнча да алдыда. Эл аралык абройлуу  Intelligent Community Forum уюмунун маалыматы боюнча, Астана дүйнөдөгү эң интеллектуалдык бирикмелердин бири катары алдыңкы 21 шаардын катарына кирет. Ошол эле учурда Борбор Азиядагы эң ири санариптик борборго айланды. Белгилей кетсек, форумга дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн шаар акимчиликтеринин өкүлдөрү жана 1300дөн ашык делегат катышты.

Которгон: Илгиз Жамлабеков