Казакстан эл аралык авиациялык хаб болууга даярданууда

Казакстан эл аралык авиациялык хаб болууга даярданууда

Астана эл аралык аэропорту алдыдагы бир нече жылда 12 миллион жүргүнчүнү тейлейт. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 9 миллионго жакындап калды. Өкмөт борбор калаанын аба портун өнүктүрүү маселелерин карап чыкты. Долбоордо жаңы учуп-конуу тилкесин куруу, перрондорду жана терминалдарды оңдоо жана техникалык жабдууларды модернизациялоо каралган. Мындан тышкары, логистикалык комплекстерди, кампаларды, мейманканаларды, кеңселерди жана административдик имараттарды куруу аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү пландаштырылууда. Бул Мамлекет башчысынын эл аралык авиациялык хабды түзүү боюнча тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылууда. Бул жагынан алганда, Казакстан Boeing учактарын сатып алууну пландап жатканын белгилей кетүү керек. Президент Касым-Жомарт Токаевдин АКШга болгон сапарынын алкагында ата мекендик Air Astana америкалык авиакомпания менен келишимге кол койду. Анын жалпы баасы 7 миллиард долларды түзөт. Биринчи Boeing 787-9 Dreamliner учагы өлкөгө келерки жылы жеткирилет. Мындан тышкары, SCAT авиакомпаниясы менен Boeingдин ортосундагы өнөктөштүк уланууда. 2035-жылга чейин 15 Boeing 737 учагын сатып алуу пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков