Казакстанда Аризона университетинин филиалы ачылды

Казакстанда Аризона университетинин филиалы ачылды

Казакстанда Аризона университетинин филиалы ачылат. Билим берүү жана илим министрлиги менен Аризона университети президентинин онлайн сүйлөшүүлөрүндө Түндүк Казакстан университетинин базасында АКШ менен биргелешкен университет түзүү маселелери талкууланды. Билим берүү, IT, инженердик, агротехникалык багыттар боюнча окутуу АКШда аккредитацияланган билим берүү программалары англис тилинде жүргүзүлөт. Негизги артыкчылык катары кош дипломдук программаларды жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө берилет. Ошондой эле, эл аралык профессорлор жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тартылат. Ата мекендик мугалимдердин айтымында, өлкөдө чет элдик университеттердин кампустарынын ачылышы жогорку билим берүү системасына дүйнөлүк стандарттарды жана жаңы ыкмаларды киргизүүгө шарт түзөт.

Ерлан Шуланов, башкарманын төрагасы, университет ректору:

- Кош дипломду алган студенттерге Америка Кошмо Штаттарында бир семестр бою Аризона университетинин үй кампусу базасында билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Негизинен жаштардын сыртка агымын бир топ кыскарткан, ошондой эле өлкөдөн чыкпай эле интернационалдык билим алууга мүмкүнчүлүк түзүүчү мындай долбоорду ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков