Казакстанда эл аралык шахмат күнү белгиленип жатат

Казакстанда эл аралык шахмат күнү белгиленип жатат

Бүткүл дүйнө жүзүндө шамтаттын эл аралык күнү белгиленип жатат. Кесиптик майрамды казакстандыктар дагы майрамдоодо. Аталган акыл оюнун өнүктүрүүгө биздин өлкө дагы зор көңүл бурат. Республикада жарым жылдыкта ар түрдүү форматтагы бир нече ири шахмат мелдештери, анын ичинде, офлайн, онлайн жана гибрид шахматы боюнча күч сынашуулар өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, мамлекет таланттуу жана дүйнөлүк гроссмейстерлер коомчулугуна таанылып калган Жансая Абдумалик, Борис Аврух, Ринат Жумабаев сыяктуу жана башка оюнчуларды өстүрүп чыгарууда. Айтсак, акыркы оюнчу АКШдан чыккан айтылуу шахматчы Фабиано Каруананы Сочидеги Дүйнө кубогунда утуп алды. Жалпы алганда, Казакстанда шахмат акыркы жылдары жакшы өнүгүүдө. Белгилей кетсек, эл аралык шахмат күнү 1966-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул күнү ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу салт болуп калган.