«Казакстан калкына» фондуна 115,3 миллиард теңге жыйналды

«Казакстан калкына» фондуна 115,3 миллиард теңге жыйналды

«Казакстан калкына» фонду ишкерлерден жана жеке адамдардан 115 миллиард теңгеден ашык каржы чогултту. Бул тууралуу аталган кайрымдуулук уюмунун расмий өкүлү Алибек Абдилов билдирди. Анын айтымында, 4 күндө 10 миңден ашык кат келген. Белгилей кетсек, фондго Казакстандын каалаган жараны арыз менен кайрыла алат. Бул үчүн атайын сайтка кирүү керек. Талдоочулук комитеттер ар бир багыт боюнча кабыл алынган суроолорду тандап, Фонддун кеңешине жөнөтүшөт.

Алибек Абдилов, «Казакстан калкына» фондунун расмий өкүлү:

- Бардык багыттар боюнча жардам сурап жатышат. Биринчиден, ден соолукту чыңдоо үчүн кайрылгандар көп. Сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоо боюнча да кайрылуулар келип түшүүдө. Бул фонддун биринчи талдоочулук комиссиясында каралат. Дарылоого бөлүнө турган каражат боюнча чечимибиз жакында белгилүү болот. Бул жерде артыкчылык биринчи келип түшкөн арызга эмес, кайсынысы шашылыш болсо ошого берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков