Жылдын аягында ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү 5%га өсүшү мүмкүн. Казакстандын президентине Улуттук экономика министри жыл башынан берки 10 айдын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алдын ала жыйынтыктарын баяндады. Алибек Куантыров өлкө экономикасында кичи жана орто бизнестин үлүшү 37%га жеткенин билдирди. Биринчи жарым жылдыкта чет элдик түз инвестициянын көлөмү 13 миллиард доллардан ашты. 9 миң долбоорго субсидия бөлүнүп, чакан жана орто бизнес тарабынан өндүрүлгөн товарлардын наркы 28 триллион теңгеге жетти. Мындан тышкары, министрликтин башчысы президентке ишкерликти текшерүүнү 2 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берген жаңы жөнгө салуу саясаты киргизиле тургандыгын айтты.
Улуттук валютанын 30 жылдыгы белгиленүүдө
Ал эми Мамлекет
башчысынын кабыл алуусунда Улуттук банктын төрагасы санариптик теңгени
жүгүртүүгө киргизүүгө даярдыктар жана жалпы санариптик каржылык
инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берди. Тимур
Сулейменов президентке жыл башынан бери тогуздун айына чейинки акча-насыя
саясаты боюнча баяндама жасады. Мындан тышкары, Президенттин элге кайрылуусунда
коюлган тапшырмалардын аткарылышы менен Улуттук валютанын 30 жылдыгын
белгилөөгө даярдыктар тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков