7 миллиард
доллардан ашык. Өткөн жылдын башынан бери «Астана» эл аралык каржы борборунун
аянты аркылуу ушунча инвестиция тартылды. Бул тууралуу Казакстандын президентине
АЭКБнын башкаруучусу Ренат Бектуров билдирди. Жалпысынан борбор иштеген
убакыттан бери 21 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. Ошол эле учурда
АЭКБнын катышуучулары өлкөнүн бюджетине 284 миллиард теңге салык төлөшкөн. Анын
жарымына жакыны өткөн жылы төлөнгөн. Салыктын өсүшүнө катышуучулардын санынын
көбөйүшү, алардын активдүү ишмердүүлүгү таасир этти. Мисалы, 2025-жылдын
башынан бери АЭКБда 1800дөн ашык жаңы компания катталган. Касым-Жомарт Токаевге
AIX биржасынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу да маалымат берилип, акыркы
эки жылда сооданын жалпы көлөмү 4 миллиард долларга жетти. АЭКБнын соту жана Эл
аралык арбитраждык борбору өткөн жылы 1600дөн ашык ишти караган. Борбордун
башкаруучусу авиация, геологиялык чалгындоо жана креативдүү индустриялар
тармагындагы жаңы долбоорлордун ишке киргизилиши тууралуу билдирди.
Ренат Бектуров, Астана
эл аралык каржы борборунун башкаруучусу:
– Мамлекет
башчысы Астана эл аралык каржы борборун андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар
милдеттерди койду. Атап айтканда, ал Борбордун эл аралык катышуусун күчөтүү,
анын жөнгө салуу чөйрөсүн өркүндөтүү, жалпысынан Казакстандын каржы рыногун
өнүктүрүү үчүн АЭКБнын тажрыйбасын кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

