Өкмөт МАЭКди жаңыртууга 4,9 миллиард теңге бөлдү

Өкмөт МАЭКди жаңыртууга 4,9 миллиард теңге бөлдү

Өлкө өкмөтү Маңгыстау атомдук электр станциясын модернизациялоого дээрлик 5 миллиард теңге бөлдү. Мындай кечиктирилгис чаралар анын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Буга байланыштуу тиешелүү токтомго премьер-министр Алихан Смаилов кол койду. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул каражат керектүү көмөкчү жабдууларды жана түйүндөрдү сатып алууга багытталат. Комплекстин тетиктерин жаңы үлгүлөр менен алмаштыруу жабдуулардын техникалык абалын жана ишке жарамдуулугун сактоого, анын коопсуздугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Негизги иш-чаралардын алкагында модернизациялоо жана капиталдык оңдоо иштери менен бирге батыш энергетикалык зонасын бекемдөө, Атырау мунайын кайра иштетүүчү заводду тышкы электр энергиясы менен камсыздоо жана ал жерде өзүнүн энергия булагын куруу мерчемделген. Мындан тышкары Батыш аймагын өлкөнүн бирдиктүү электр энергетикалык системасы менен байланыштыруу көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков