Анда ишкерлер Борбордук Азиядан экспорттоочулар үчүн түзүлгөн тарыхый логистикалык каттамдар, ошондой эле бизнестеги товарларды ташууда келип чыккан негизги көйгөйлөр, чек ара инфраструктурасынын өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышат. Эске сала кетсек, өткөн жылы Эл аралык соода борбору республиканын Соода жана интеграция министрлиги ошондой эле Соода саясаты борбору менен биргеликте экспорттоочулар үчүн бир катар билим берүүчү курстарын баштаган эле. Чакан жана орто бизнестин 100гө жакын өкүлдөрү Эл аралык соода эрежелери, Экспорттук процесс, Евробиримдик рыногунун талаптары, Сапат жана ылайыктуулук деген 4 негизги тема боюнча курстардан өтүштү. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, курс атайын билим берүү платформасында акысыз түрдө жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков