Өкмөттө инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча сунуштар каралды

Өкмөттө инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча сунуштар каралды

Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, көзөмөл органдары тарабынан бизнеске кысымды азайтуу боюнча чараларды мыйзамдык жактан бекитүү Юстиция министрлигине тапшырылган. Жыйында инвестициялык абалды мындан ары жакшыртуу максатында бир катар комплекстүү чараларды ишке ашыруу сунушталды. Тактап айтканда, мамлекеттик преференцияларды алууга органдардын арыздарын бекитүү мөөнөтүн кыскартуу жана мамлекеттик колдоо чараларын алуу үчүн инвестициялардын максималдуу көлөмүн азайтуу көздөлүүдө. Улуттук экономика министри Алибек Куантыров 2022-жылдын аягына карата негизги капиталга инвестициянын көлөмү болжол менен 15 триллион теңгени түзөрүн билдирди. Бул пландын 94 пайызын түзөт. Министрдин айтымында, учурда инвесторлор тышкы экономикалык абалга көз салып, каатчылыкка карабастан, инвестициялык жигердүүлүк акырындык менен калыбына келүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков