Казакстанда альтернативасы жок мультимедиялык интерактивдүү комплекс ачылды

Бурабайда республикада теңдеши жок мультимедиялык интерактивдүү комплекс ачылды. Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча, күнүнө 500гө чейин келүүчүнү кабыл ала турган бул заманбап комплекс Казакстандын эң жогорку технологиялуу интерактивдүү музейлеринин бирине айланат. Ошол эле учурда жаңы анимация жана аудиовизуалдык технологиялардын аркасында ар бир келүүчү өлкөнүн тарыхы менен кеңири таанышып, казак маданиятынын атмосферасына кире алат. «Бурабай» улуттук паркынын эң кооз жериндеги мультимедиялык комплекс 9 залга бөлүнгөн. «Улуу талаанын мурасы» композициясында «Астана балет» артисттеринин бийи голограмманын жардамы менен тартууланып, «Хассак» фольклордук-этнографиялык ансамблинин обондору коюлду. «Казакстанга саякат» бөлүмү өлкөнүн туристтик жайларынын байлыгы менен кооздугун көрсөтсө, «Куб 360» - залы көрүүчүлөргө тасманын бир бөлүгүн сездирүүгө мүмкүндүк берет.

Бул формат перифериялык көрүнүштү колдонуу менен жаңы сезимдерди пайда кылуу менен сахнанын бардык бөлүктөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, бул беш проектордун уникалдуу технологиясы жана 270 градустук панорамалык сүрөттү жараткан эки каптал экраны бар Казакстандагы жалгыз зал.

Марат Ахметжанов, Акмола облусунун акими:

-Көкше жери өзүнүн кооздугу менен гана атагы чыкпастан, бай жана байыркы тарыхы, улуу салты, баатырлар менен акындардын мекени менен да белгилүү. Ошондуктан эң негизгиси бул жерге келген конокторго, туристтерге маданиятыбызды, салтыбызды көрсөтүп, түшүндүрүп берүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков