Баш калаа күнү - онлайн! Быйыл казакстандыктардын сүйгөн майрамынын форматы түп-тамырынан бери өзгөрөт. Пандемияга жана кооптуу илдеттин жаңы индиялык штаммынын жайылуу коркунучуна байланыштуу иш-чаралар аралыктан өткөрүлүп, айрымдары таптакыр жокко чыгарылат. Бул жолу асманды майрамдык фейерверк кооздой албайт.
Салтанат Муксимова, Нур-Султан шаардык маданият башкармалыгы бөлүмүнүн башчысы
- Жабык жайларда жана концерттик залдарда майрамдык маанайдагы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле сейил бактын аймагында жайгашкан ачык аттракциондордун бардык түрлөрүн иштетүүгө уруксат берилбейт. Ачык асман алдындагы иш-чараларга карантиндик катуу чараларды сактоо жана «Ashyq» тиркемесинин иштөө принцибин колдонуу менен уруксат берилет.
Шаар бийлиги дем алыш күндөрү тургундарды ачык асман алдында эс алууга чакырууда. Жада калса шаардык архив да ачык асман алдында көргөзмө уюштурду. Тарыхый имараттын тосмолорунда шаардын өнүгүшүндөгү маанилүү окуялардын сүрөттөрү илинип турат. Бул учурда өтүп бара жаткан бардык адамдар экспозициянын коногу боло алат.
Мейрам Бектембаев, Нур-Султан шаардык мамлекеттик архивинин мүдүрү
- Бул көргөзмөнү түптөөдө бизге абдан кызыктуу уникалдуу документтер, Президенттин архиви жардам берди. Анткени анда Нур-Султан шаарынын тарыхын шаардыктарга, борбор калаанын тургундарына дагы даана айтып бере турган уникалдуу документтер, сүрөттөр жана видео материалдар бар.
Шаардык акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл борбор калаа күнүн социалдык багытта өткөрүү мерчемделүүдө. Мисалы, кезекте турган адамдарга бир эле учурда 400 батирдин ачкычтары берилет. Эске салсак, Борбор калаа күнү Казакстанда теке айынын 6да - өлкөнүн Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө белгиленет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков