Ар кандай материалдардан жана элементтерден жасалган искусство чыгармалары. Борбор калаада Коллаж техникасы менен иштеген белгилүү сүрөтчү Гүлбарам Аскарованын Ойлор жыйнагы аттуу көргөзмөсү көпчүлүктүн назарына тартууланды. Иш-чара Эл Башы китепканасы тарабынан Эгемендүүлүктүн маданий негиздери долбоорунун алкагында уюштурулду. Көргөзмө Казакстан маданиятынын негизин түзгөн кайталангыс ата мекендик авторлордун чыгармалары менен тааныштыруу максатын көздөйт. Көргөзмөгө жазуучунун акыркы 2-3 жылдагы 50гө жакын сүрөттөрү коюлган. Көз жоосун алган чыгармалардан көрүүчү өзүнө жакын дүйнөнү, жада калса өздөрүн да көрүү мүмкүн, дейт сүрөтчү.
Гүлбарам Аскарова, РКнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү:
- Мени көбүнчө саякаттар, окуган китептерим жана түрдүү обондор шыктандырат. Ал эми андан алган таасирлеримди кийинки чыгармаларымда чагылдырам. Акыркы 3 жылдан бери сүрөт тартам. Башкача айтканда, алардын баары жаңы деп айта алам. Биринчи версиясы чет өлкөгө сатылып кеткендиктен айрым сүрөттөрдү кайра басып чыгардым. Бул көргөзмө өз аудиториясын табат деп ишенем. Иш-чара бир айга созулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков