Акимдердин рейтинги жолдордун сапаты аркылуу аныкталат

Акимдердин рейтинги жолдордун сапаты аркылуу аныкталат

Казакстанда акимдердин рейтинги жолдордун сапаты менен аныкталат. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Өскенбаев билдирди. Анын айтымында, айыл жериндеги эскилиги жеткен жолдор калыбына келтирилбесе, калктуу конуштар ортосунда коопсуз транспорт камсыздалбаса, облус жетекчилери жоопкерчиликке тартылат. Буга байланыштуу аймактык лидерлердин рейтингин аныктоонун методологиясы иштелип чыккан. Башкача айтканда, министр аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында «Транспорт жөнүндө» мыйзам долбооруна кепилдик мөөнөттө буйрутма алгандар менен бирдей шартта кабыл алуучу, автордук жана техникалык көзөмөлдүн биргелешкен жоопкерчилиги киргизилгендигин айтты. Кайырбек Өскенбаев жолдордун сапатын камсыздоо үчүн миңден ашык ченемдик-укуктук актылар кайра каралып жатканын билдирди.

Кайырбек Өскенбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Жолго тиешеси бар долбоорду жасаган компаниялар жасалган жолду кабыл алган адамдар толугу менен жазага тартылат. Биз жазаны күчөтүп жатабыз. Мурда айып пул жана башка нерселер менен чектелген, азыр кылмыш иши козголуп, ушундай деңгээлге жеткирели деп жатабыз.

Бүгүнкү күндө республикадагы 70 миң чакырымдан ашык облустук жана райондук жолдордун үчтөн экиси жакшы жана канааттандырарлык абалда. Ал эми 2025-жылга чейин оңдолгон жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшүн 95%га жеткирүү көздөлгөн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков