Казакстан суу чарбачылыгында эл аралык өнөктөштүк чыңдалып келүүдө

Казакстан суу чарбачылыгында эл аралык өнөктөштүк чыңдалып келүүдө

Ислам Өнүктүрүү Банкы Казакстандагы суу чарбасын жаңылоого 2,7 миллиард доллар насыя жана грант бөлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Мажилистеги саатында тармак министри билдирди. Нуржан Нуржигитовдун айтымында, долбоор эки этапта ишке ашырылат. Анын алкагында быйыл 4 ири суу сактагычтын курулушун баштоо пландалууда. Ошондой эле санариптештирүү элементтери менен жалпы узундугу үч жарым миң чакырымды түзгөн 115 ирригациялык каналды жаңылоо көздөлүүдө. Экинчи этап, 2027-жылга пландаштырылган, 13 суу сактагычтын жана 11 суу сактагычтын курулушун камтыйт. Ошондой эле 5000 чакырымдан ашык сугат каналдары жаңыланат. Бирок өлкөнүн суу инфраструктурасы жакшырып, 134 калктуу конушта суу каптоо коркунучу жоюлат деп болжолдонууда.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

- Ислам Өнүктүрүү Банкы менен кызматташуунун алкагында суу жана дарыя бассейндериндеги экологиялык, башкаруучулук маселелерди иликтөө жана баа берүү максатында жалпы суммасы 3,5 млн АКШ долларын түзгөн техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул гранттын алкагында Казакстандын суу ресурстары илимий-изилдөө институтунун иши колдоого алынат. Ошондой эле «Каз уу чарба» ишканасынын техникалык камсыздоо маалымат-аналитикалык борборунда эрте чара көрүү системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Ал эми Франциянын өнүктүрүү агенттиги Балхаш көлүнүн мастер-планын иштеп чыгууга 1,3 млн евро грант бөлөт. Жапон өкмөтү суу ташкындарына каршы комплекстүү аракеттердин долбооруна 2 миллион долларга жакын грант жумшамакчы. Белгилүү болгондой, өткөн жылы өлкө суу секторун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык Кеңешин түзгөн. Тармактык мекеме эл аралык өнөктөштүктүн алкагында заманбап тажрыйбаларды жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө багытталган 4 макулдашуу жана 19 меморандум түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков