Казакстандын аймактарында «Адилет» партиясынын филиалдары түзүлдү

Казакстандын аймактарында «Адилет» партиясынын филиалдары түзүлдү

Казакстанда «Адилет» партиясы филиалдарды түзүү жана расмий каттоону аяктады. Өлкөнүн бардык аймактарында, ошондой эле Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында бөлүмдөр ачылды. Кийинки этап – жетекчи органдарды түзүү, төрагаларды шайлоо жана алгачкы уюмдарды түзүү. Саясий бирикмеде аймактык тармак калк менен тыгыз иштөөнү жолго салууга жана жергиликтүү демилгелерди колдоого жардам берет деп эсептешет. Филиалдарды ачуу чечими партиянын II курултайында кабыл алынган. Ошол эле учурда аймактык түзүмдөрдүн ишин, башкаруу системасын жана ички көзөмөлдү жөнгө салуучу жобо бекитилди. Эске салсак, «Адилет» партиясы мамлекеттик каттоодон кулжа айынын 1де өткөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков