Өлкөнүн ири шаарларынын сейсмикалык картасы жаңыртылат. Мобилдик топ жер титирөөлөргө ыктымалдуулугу кооптуу аймактарды математикалык тактык менен аныктоо үчүн тоого аттанды. Алгачкы изилдөөлөр өлкөнүн чыгышында башталган. Илимий иштердин жыйынтыктары сейсмикалык райондоштуруунун жаңыланган картасына киргизилет. Келечекте бул турак жай курулушу үчүн эң коопсуз жерлерди тандоо үчүн курулушчуларга арналган эскертүү болот. Мисалы, 2016-жылдан бери Өскемен шаарынын тоолуу аймактарында 2 миллион чарчы метрге жакын турак жай курулган. Бул деген жүздөгөн көп кабаттуу үйлөрдү билдирет. Чынында, куруучулар кыртыштын сейсмикалык жигердүүлүгү боюнча жалпы маалыматтарга гана таянышкан. Ал эми Чыгыш Казакстанда 2011-жылдан бери күчү 6 баллга чейин жеткен 22 жер титирөө болгон.
Ринат Амиржанов, Сейсмология институтунун лаборатория жетекчиси:
- Андан кийин курулушка арналган курулуш нормаларына стандарт иштелип чыгат. Бул Eurocode-8 стандарттары. Мындай еврокод бардык сейсмикалык өлкөлөрдө колдонулат, андыктан бизге да коопсузураак курулушка мүмкүнчүлүк бермек.
Илимпоздордун айтымында, аталган изилдөөлөр өлкөнүн батышында жүргүзүлүшү керек, ал жерде көбүнчө болжолдуу жер титирөөлөр болот. Анткени өнөр жайдын өнүгүшү жана урбанизациянын өсүшү менен Казакстанда сейсмикалык райондоштуруу карталары да олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков