Азыр бул көрсөткүч шаарларда 98%, айылдарда 94%ды түзөт. Бүгүнкү күндө өлкөдө 600 миңден ашуун адамга тамак-аш тартыш. Мындай жетишсиздикти алыскы чакан айылдардын тургундары сезип жатышат. Быйыл буга муктаж болгон калктуу-конуштардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 267 долбоорду ишке ашырууга 113 миллиард теңге жумшалат. Натыйжада жыл аягына чейин өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыздоо 96%га жетет. Айрым шаарлардын кээ бир райондору ичүүчү суу менен толук камсыз болгон эмес. Андыктан шаарлардагы объектилерди жана турак жайларды таза суу менен камсыз кылуу жана тармактарды модернизациялоо боюнча ушул жылдын аягына чейин жалпы баасы 167 миллиард теңге болгон 135 долбоор ишке ашырылат. Мындай маалыматты өлкөнүн индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Марат Карабаев, индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:
- Шаардык 89 калктуу конуштун 64ү 100% борборлоштурулган суу менен камсыздалган. Калган 25 шаар этаптуу пландын алкагында 2025-жылдын аягына чейин камсыз кылынат. Бүгүнкү күндө 6295 айылдын 4900ү таза суу менен камсыз болгон. 2025-жылдын аягына чейин 1395 айылдын ичүүчү суу көйгөйүн чечүү мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков