Коллекция "Көчмөндөрдүн сыйынуучу жаныбарлар-тотемдери" сериясына кирет. BUǴY, AQQÝ, BÚRKIT, ÓMIR SHEJIRESI, KIIZ ÚI, JETI QAZYNA, Илбирс жылы сыяктуу тыйындар соодаланат. Монеталардын номиналы 500дөн 5 миң теңгеге чейин, жүгүртүүсү 250дөн миң даанага чейин.
Алматы Басенов, Казакстан Улуттук банкынын башкы дизайнери:
- Эгерде кадимки стандарттуу монеталар – сапаты төмөн металлдардан жасалган унциялар «Казпошта» системасы аркылуу жеткирилип, сатылса, анда коллекционер өзү келип алып кетүүгө, же кезекке турууга туура келет. Бул сатуунун жаңы форматы болот. Биз сатууну эки бөлүккө бөлдүк. Эртең 1 килограммдык "KIIZ ÚI" күмүш монетасы сатыкка чыгат. "ÓMIR SHEJIRESI" - бул алтындан куюлган 25 унциялык өзгөчө монета жана Жолборс жылынын монетасы. Бул да 25 унция. Бүркүттүн номиналдык граммы - 777,5. Көрүнүп тургандай, бир гана бөлүгү тотемдик, экинчиси натуралисттик. Ал диаметри 2 мм болгон алмаз менен орнотулган жана ошондой эле алтын жалатылган. Алдыңкы бетинде оймо-чийме, мамлекеттик герб түшүрүлгөн. Анын номиналы 5 миң теңге.
Белгилей кетсек, учурда Улуттук банк 30 түрдүү сериядагы коллекциялык монеталарды чыгарууда. Алардын ичинен «Көчмөндөрдүн сыйынуу жаныбарларынын тотемдери» сериясы эң көп талап кылынган тыйындардын катарына кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков