Жакын арада Казакстанда маанилүү чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү боюнча жаңы долбоорлор пайда болушу мүмкүн. Америкалык компаниялар Казакстанда геологиялык чалгындоо иштерин кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Астанада журналисттер менен жолугушууда билдирди. Дэниэл Розенблюм мындай мүмкүнчүлүк АКШнын президенти менен Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Нью-Йоркто жакында болгон «С5+1» форматындагы диалогу аркылуу ачылганын баса белгиледи. Ошондой эле, АКШнын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Вашингтон Касым-Жомарт Токаевдин Борбор Азия жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максатында Алматыда БУУнун аймактык борборун түзүү демилгесин колдой турганын билдирди.
Дэниэл
Розенблюм, АКШнын Казакстандагы элчиси:
-Менин
түшүнүгүмдө Казакстан өкмөтүнүн сунушу боюнча Алматыда жайгаша турган хаб
БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган. Анын үстүнө баарыбыз
чогуу иштешибиз керек. Ошондуктан борбор бизге, айрыкча аймактагы максатыбызга тезирээк
жетүүгө жардам берсе жакшы болмок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков