Казакстандагы президенттик шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун 30 узак мөөнөттүү жана 300 кыска мөөнөттүү байкоочулары көз салат. Бул тууралуу миссия мүчөлөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жолугушуусунда белгилүү болду. Нурлан Абдиров аларга ыраазычылык билдирип, шайлоо өнөктүгүнүн негизги этаптарынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле, төрага делегаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындарына жана окуу иш-чараларына катышууга чакырды. Эске сала кетсек, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо жетинин айынын 20сында өтөт. Учурда талапкерлерди каттоо мөөнөтү уланууда. Ал тогуздун айынын 21ине чейин өткөрүлөт. Жетинин айынын 18ине чейин шайлоого үгүт иштери жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков