Өспүрүмдөрдүн бир жолу колдонулуучу тамеки буюмдарын колдонуусуна тыюу салуу. Бул сунуш учурда казак коомчулугунда кызуу талкууланууда. Бул маселени эл талкуусуна чыгарган Саламаттыкты сактоо министрлиги. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдө бир жолу колдонулуучу тамеки жана вейптерге көз каранды болгон студенттердин саны өсүүдө. Өспүрүмдөр үчүн никотин азыктарын мыйзамсыз саткан 400дөн ашуун ишкерге айып пул салынды. Анткен менен вейп эпидемиясын токтотуу мүмкүн болбой жатат.
Жаштар арасында электрондук тамеки тартуу заманбап тил менен айтканда тренд. Статистикага кайрылалы. Акыркы жылдары бир жолу тамеки чеккен 11 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны үч эсеге өстү. Электрондук вейпти эрмек кылгандар түбү кандай жаман экенин толук кандуу түшүнүшпөйт дейт адистер.
Гүлнара Алтынбаева, педагог- психолог:
Өспүрүм куракта балдардын бири-бирин тууроосунун нейрофизиологиялык көз карашын карай турган болсок, лимбикалык системанын тез өнүгүшү, башкача айтканда, теңтуштар менен бирге болуу, мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын бөлүшүүгө умтулуу. Ошол эле учурда психикасы толук калыптана элек болгондуктан тобокелчиликке ыктап, талдоо процесси толук өнүкпөгөндүктөн мындай аракеттерди жасайт. Ал электрондук тамекилерди теңтуштарынын алдында аброюн көтөрүү үчүн эмес, түшүрбөө үчүн колдонот. Муну зыянсыз эрмек катары көрүшөт. Бирок анын терс таасири болорун билишпейт.
Балдардын кызыгуусун канааттандыруу кыйын эмес, ал тургай баасы да жеткиликтүү. Өлкөбүздөгү ар бир дүкөндүн текчесинде бир жолу колдонулуучу тамекилердин көптөгөн түрлөрү бар. Социалдык тармактардан да заказ кылсаңыз болот. Пайда издеген ишкерлер жаш курагына көз салбай жатышат. Укуктук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 21 жашка чейинки жаштарга никотин азыктарын саткандардан 6 млн. теңге өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө өлкөдө 400дөн ашык мындай мыйзам бузуулар катталган.
Розалина Ермекпаева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин азык-түлүк эмес товарлардын техникалык регламенттерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:
Азырынча бекитилген техникалык регламент жок. Ошондуктан биз ишкерлерден шайкештик сертификатын же декларациясын талап кыла албайбыз. Бирок алар чыгарган продукциясынын стандарттык талаптарга ылайык келүүсүн текшерүүгө укуктуу. Эми ушул жагдайда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети бул улуттук стандарттарды мүмкүн болушунча ишке ашырууда. Аккредитациядан өткөндөн кийин биздин Улуттук эксперттик борборлор вейптердин курамындагы никотинди аныктап, мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында вейптерге тыюу салуу боюнча чараларды көрө алышат.
Техникалык жөнгө салуу - бул тыюу салуу эмес, бирок белгилүү бир өнүмдүн коопсуздугун жөнгө салууга багытталган чара. Казакстанда бир жолу колдонулуучу вейптер боюнча изилдөөлөр болгон эмес. Алардын курамында оор металлдар жана психотроптук заттар бар экендиги тууралуу европалык серепчилер расмий маалымат беришти. Ошонун негизинде ата мекендик дарыгерлер өспүрүмдөргө электрондук тамекилерди сатууну, колдонууну чектөөгө аракет кылууда. Жөнөкөй жарандар Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына өз позициясын билдирсе болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков