Мамлекет башчысы Астана мамлекеттик кызмат хабынын башкаруу комитетинин төрагасын кабыл алды. Алихан Байменов мамлекеттик башкаруу тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциянын алдын алуу жана аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын компетенциясын кеңейтүү боюнча сунуштарын айтты. Президент белгилегендей, Астана мамлекеттик кызмат хабы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга туруктуу серепчилик колдоо көрсөтүп келет. Касым-Жомарт Токаев айтылган сунуштар боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

