Мамлекет башчысы «КазМунайГаз» улуттук компаниясы башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы «КазМунайГаз» улуттук компаниясы башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана мунайгаз-химиясын өнүктүрүү боюнча системалуу ишти улантууну Президент Касым-Жомарт Токаев "Казмунайгаздын" башчысына тапшырды. Асхат Хасенов мамлекет башчынын Акордодогу кабыл алуусунда улуттук компаниянын өткөн жылдагы мунай-газ тармагындагы жетишкендиктери тууралуу отчет берип, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, компаниялар тобу боюнча мунай жана конденсатты өндүрүү көлөмү 24 миллион тоннага жакын болду. Бул 2023-жылдын деңгээлинен 1,3% жогору. Мунай өндүрүүнү жогорулатуунун инновациялык ыкмалары менен технологиялык чакырыктардын киргизилип жаткан программасы чийки затты казып алууну мурдагы деңгээлде кармап турууга мүмкүндүк берет. Улуттук компания башкармалыгынын төрагасынын айтымында, жаңы заводдордун курулушу жана өндүрүштөрдү ишке киргизүү жүрүп жатат. Алсак, битум өндүрүшүн көбөйтүү боюнча долбоор ишке ашыруу стадиясында турат, полиэтилен чыгаруучу завод курулууда. Мындан тышкары Мангыстау облусунда кубаттуулугу 247 МВт гибриддик электр станциясы салынып жатат.


Асхат Хасенов, «КАЗМУНАЙГАЗ» улуттук компаниясы башкармалыгынын төрагасы:


- Мен геологиялык чалгындоо боюнча негизги долбоорлорду баяндадым. Тактап айтканда, казмунайгаз практикалык ишке ашырууга киришти. Мангыстау, Атырау жана Актөбе облустарында бургулоо иштерин баштады. Мындан тышкары, биз газ химиялык долбоорлор боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков