Газа секторунан жарандарды эвакуациялоо башталды

Газа секторунан жарандарды эвакуациялоо башталды

Бүгүн Газа секторундагы Казакстан жарандарын эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Айбек Смадияров маалымдады. Анын берген маалыматына караганда, алгачкы топто Казакстандын 40 жараны жана алардын 4 чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар. Эске сала кетсек, буга чейин Газа секторунда 76 казакстандыктын бар экени белгилүү болгон. Учурда  калган казак жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, бүгүн башка 9 өлкө да өз жарандарын эвакуациялоого киришти.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
- Эвакуация Газа сектору менен Египеттин ортосунда жайгашкан Рафах өткөрмө бекетинен ишке ашырылат. Рафах бекети аркылуу жалпысынан 594 адам өтөт. Станциядан өткөндөн кийин Казакстандын жарандары автоунаа менен Каирге жеткирилип, мейманканага жайгаштырылат. Андан соң Казакстанга алып келинет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков