Анкарада Казакстан-Түркия достук сейил багы ачылды

Анкарада Казакстан-Түркия достук сейил багы ачылды

Салтанатка Казакстан Республикасынын Парламенти Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов катышты. Мажилистин спикери белгилегендей, сейил бактын ачылышы тамыры бир, маданияты, тарыхы бир эки өлкөнүн достугун, ынтымагын бекемдейт. Парк 14 миң чарчы метр аянтты ээлеп, үй-бүлөлүк эс алуу, чуркоо жана дене тарбия менен машыгуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Култегин, Билге каган, Тоныкөк жазма эстеликтери орнотулган. Анда казактын улуу акыны Абай Кунанбай уулунун жана даанышман философ Аль-Фарабинин айкелдери бар. Эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын жолугушуусунда боордош элдердин достугун тереңдетүү маселеси талкууланды. Ерлан Кошанов алгач Түркиядагы катуу жер титирөөдө жапа чеккендерге көңүл айтты. Жакынкы арада президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен жер титирөө болгон аймакта бир катар социалдык имараттарды куруу пландалганын белгиледи. Андан соң Ерлан Кошанов Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин 12-пленардык жыйынына катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков