Казакстандын бажы кызматынын системасында автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү үчүн Башкы диспетчердик башкармалык түзүлөт. Система жасалма интеллект элементтеринин негизинде пайда болот. Башкаруу процедуралары толугу менен аралыктан жүргүзүлөт. Бул үчүн 9 автожол жана бир темир жол станциясынын инфраструктурасын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, транспортту сканерлөө жана өлчөө үчүн заманбап техникалар менен жабдыкталат. Долбоорду 2024-жылдын аягына чейин ишке ашыруу мерчемделген. Натыйжада өткөрүү кубаттуулугу 7 эсеге чейин көбөйүп, өтүү убакыты эки жарым эсеге чейин кыскарат. Белгилей кетсек, быйыл товарларга арналган декларацияларды берүү жана көзөмөлдөө бөлүгүндө бажы функцияларын борборлоштуруу толугу менен ишке кирди. Электрондук жана кырдаалдык борборлор түзүлдү. Алар иш баштагандан бери 28 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталып, бюджетке кошумча 23 миллиард теңге өндүрүлгөн. Жалпысынан бажы көзөмөлүнүн системасын өркүндөтүүнүн эсебинен кошумча нарк салыгы боюнча кирешелерди бир жарым эсеге көбөйтүп, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга мүмкүн болду.
Ерулан Жамаубаев, Казакстандын Каржы министри:
- Ал эми бажылык башкарууну санариптештирүүгө келсек, биринчи кезекте «Астана-1» жана «Электрондук терезе» маалыматтык системаларын өркүндөтүү иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бажы декларациялары 100% аралыктан берилет. 4 миллиондон ашык бажы декларациясы берилген. Анын 82% автоматтык түрдө бир мүнөттө өткөрүлгөн. Документтерди тапшыруу убактысы эки эсе кыскарды. Эми аларды бажыдан өткөрүүдө аралыктан алууга болот. Бүгүнкү күндө 5 миңге жакын колдонуучу катталып, мамлекеттик органдар менен 15 интеграция жүзөгө ашырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков