Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан Европага «жашыл» энергияны экспорттоо боюнча долбоор түзөт. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Тараптар биргелешкен ишкананы даярдоону макулдашты. Бул Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Азербайжандын аймагы аркылуу Европага электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, энергия алмашуу чөйрөсүндө жашыл суутек менен жашыл аммиакты өздөштүрүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, тиешелүү инфраструктура тармагында кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Андан соң тараптар энергетикалык долбоорду ишке ашыруунун негиздемесин даярдоо үчүн тендер жарыялашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков