Бизнестин экономикага кошкон салымы өсүүдө

Бизнестин экономикага кошкон салымы өсүүдө

Казакстандын экономикасындагы чакан жана орто бизнестин кошумча наркынын үлүшү дээрлик 40% жетти. Тармак активдүү өнүгүүнү көрсөтүүдө. Өкмөт белгилегендей, бул ишкерликти колдоо жана каржылык инструменттерди кеңейтүү боюнча комплекстүү чаралардын натыйжасы. Мисалы, өлкөдө технологияларды өркүндөтүү жана каржылоону тартуу үчүн атайын реестр, ошондой эле бизнеске коюлган милдеттүү талаптардын санариптик тизмеси түзүлдү. 222 миңге жакын ишкер бизнести өнүктүрүүнүн 117 инструментинин тизмеси түзүлдү. Мындан тышкары, Улуттук экономика министрлиги Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишканаларды өнүктүрүүнүн конкреттүү пландарынын үстүндө иштеп жатат. Бул өндүрүш көлөмүн 2-3 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда өсүү дарамети жогору болгон 20 ишкана тандалып алынды, ал эми 2030-жылга чейин программанын катышуучуларынын саны 70тен кем эмес болот. Секторго «Өрлеу» жеңилдетилген каржылоо программасы кошумча түрткү берди. Анын алкагында 482 миллиард теңгеге 1 700дөн ашык долбоор каржыланды.

Динара Таженова, Улуттук экономика министрлигинин департмент мүдүрүнүн орун басары:


- «Даму» фондунун базасында ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейткен эки кепилдик фонду түзүлгөн: №1 чакан жана орто бизнес үчүн кепилдик фонду 7 млрд теңгеге чейинки долбоорлорду камтыйт. №2 кепилдик фонду 7 млрд теңгеден ашык ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорго багытталган. Учурда №1 кепилдик фонду жалпы суммасы 410 млрд теңгеге 2 320 долбоорду колдоду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков