Казакстан Палестинага кошумча гумжардам жиберет

Казакстан Палестинага кошумча гумжардам жиберет

Казакстан Палестинага кошумча гуманитардык жардам көрсөтөт. Жакын арада учак менен жалпы салмагы 38 тоннадан ашык азык-түлүк, жууркан-төшөк, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү пландалууда. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, бул маселе өкмөттүк комиссиянын жыйынында талкууланды. Газа секторундагы гуманитардык өзгөчө кырдаалга байланыштуу өлкөдөн ушундай колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды. Эске сала кетсек, буга чейин Казакстан Палестина элине 1 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөткөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков