Израилдин Президенти Казакстанга расмий сапар менен келди

Израилдин Президенти Казакстанга расмий сапар менен келди

Израилдин президенти расмий сапар менен Казакстанга келди. Акордада Ицхак Герцогду мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Аземдин жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери бири-бирине расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырды. Ардактуу кароол ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берди, Казакстандын жана Израилдин улуттук гимндери жаңырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков