Казакстан чет элге буудай жеткирүүнү арттырат

Казакстан чет элге буудай жеткирүүнү арттырат

Казакстан Кытайга дан экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Биринчи кезекте жакынкы аралыкта КЭРна 2 миллион тоннадан ашык буудай жөнөтүү пландаштырылууда. Айыл чарба товарларын үзгүлтүксүз экспорттоону камсыз кылуу максатында Улуттук темир жол ташуучусунун алдында иштеген данды кайра ташууну уюштуруу боюнча штаб өз ишин күчөтөт. Мындан тышкары, Костанай-Галаба, Көкшетау-Галаба, Костанай-Ташкент түйүнүнүн түз курама поезддерин түзүү үчүн бир катар графиктер иштелип чыгат. Товарлар «бир жөнөтүүчү - бир алуучу» принциби боюнча ташылат. Эске сала кетсек, былтыр Казакстандан КЭРна темир жол менен эгин ташуунун көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 2,2 миллион тоннага жеткен. Быйылкы жылдын алты айында Кытай Эл Республикасына 757 миң тонна жөнөтүлдү. Ал эми экинчи жарым жылдыкта коңшу өлкөгө 1 миллион 250 миң тоннадан ашык эгин экспорттоо мерчемделип жатат. Ошондой эле Казакстан буудайды Бейнеу дан терминалы аркылуу Ооганстан менен Пакистанга жөнөтүүгө кызыкдар.


Которгон: Илгиз Жамалбеков