Казакстан Ооганстанга кошумча гуманитардык жардам көрсөттү

Казакстан Ооганстанга кошумча гуманитардык жардам көрсөттү

Казакстан ооган элине кошумча гуманитардык жардам көрсөттү. Кабулга 155 тонна азык-түлүк жана медициналык жабдуулар, ошондой эле, жылуу кийимдер жана дары-дармектер жөнөтүлдү. Казакстандын делегациясы Ооганстанда да болуп, азыркы администрациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Өлкөнүн өкүлдөрү Ислам Республикасындагы кагылышуунун жигердүү мезгили аяктап, кайра калыбына келүүгө убакыт жеткенине үмүт артышты. Мындан тышкары, тараптар соода алмашуунун көлөмүн мындан ары да жогорулатууну макулдашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков