10 ири казакстандык аары өстүрүүчүлөр сауд арабиянын ишенимдүү экспортчулар тизмесине кирди

10 ири казакстандык аары өстүрүүчүлөр сауд арабиянын ишенимдүү экспортчулар тизмесине кирди

3 миңдей казакстандык айыл чарба ишканалары өз өнүмдөрүн чет өлкөлөргө ийгиликтүү сатып өткөрүүдө. Мында Евразия экономикалык биримдиги жана Европа бирлигинин өлкөлөрү, Кытай, Корея, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмирликтери, Жапония, Түркия жана Сауд Арабиясы жөнүндө сөз жүрүүдө. Айтмакчы, ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесин ата мекендик бир нече аарычылар акыркы жылдары биринчи жолу толуктады.

Айдана Козыбаева, КР Ветеринардык көзөмөл жана текшерүү комитетинин басма сөз катчысы:

- Агроөнөржай комплексинин 2 миң 975 ишканасы бул мал чарба азыктары болгон эт, сүт, балык өнүмдөрүн, тоют жана тоют кошулмаларын, бал азыктарын, ветеринардык каражаттарды, ошондой эле, жаныбар тектүү чийки зат өндүргөн ишканалар. Жыл башынан бери биз көп иштерди жүргүздүк, эми 10 казакстандык ишкана бал азыктарын Сауд Арабия падышалыгына экспорттоочулар тизмесине кошулду.

Бүгүн Казакстан үчүн сапаттуу, экологиялык таза өнүмдөрдү экспорттоо – артыкчылыктуу багыт. Казакстандык өнүмдөрдүн эл аралык сапат жана коопсуздук шайкештигин жүздөгөн ишканалар алды. Бул багытта иштер улантылууда.

Айдана Козыбаева, КР Ветеринардык көзөмөл жана текшерүү комитетинин басма сөз катчысы:

- Кытайдын өнүм жеткирүүчүлөр тизмесине казакстандык 4 ишкана кошулду. Андан 3 ишкана сүт азыктарын жана 1 ишкана балык өнүмдөрүн иштетет. Ошондой эле, Кореяга экспорт ачылды жана ал өлкөнүн экспортчулар реестрине 4 казакстандык ишкана кошулду. Түркияга 4 ишкана тери экспорттомой болду. Ал эми Бириккен Араб Эмирликтеринин реестрине эт иштетүүчү 6 казакстандык ишкана камтылды.

Быйыл Айыл чарба министрлиги жаңы товар жөнөтүүчү багыттарды жана Европа бирлигинде, Түштүк-Чыгыш-Азияда жана Түркияда жаңы рынокторду ачууга мүмкүндүк берген чоң иштерди жүргүздү Пандемияга карабастан казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз өнүмдөрүн бүткүл дүйнө боюнча сатып өткөрүштү жана иштери алдыга илгериледи.

Которгон: Субанбек Исмакеев