Казакстандагы белгилүү улуттук спорт түрлөрү

Казакстандагы белгилүү улуттук спорт түрлөрү

Тармак министрлиги буга байланыштуу өлкөдө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, алдыңкы бештик төмөнкүчө аталды. Жорго салыш – эл арасында кеңири таралган ат спорту. Бүгүнкү күндө өлкөдө 21 миңге жакын ат чабыш өнөрүнүн кыр-сырын өздөштүрүп жатат. Эптүүлүккө жана мергенчиликке үйрөткөн чүкө атуу оюну 4-орунда. Расмий түрдө 77 миң адам алектенет. Андан бир тепкич жогору көк бөрү жайгашты. Бул оюнга 78 миң адам кызыгуучулук тааныткан. Экинчи орунда казак күрөшү турат. Күрөштүн түрлөрүнүн ичинен балбандардын күрөшү катышуучулардын жана күйөрмандардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Өлкөнүн 160 миңдей билектүү балбандары килем үстүндө күч сынашат. Кеңири жайылган улуттук спорттун алдыңкы сабында тогуз коргоол турат. Жаш курагы чектелбеген жана жынысына карабаган бул оюндун ийримдерине 207 миңдей адам үзгүлтүксүз катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков