Президенттин ЖМК тармагындагы сыйлыктары менен гранттары тапшырылды

Президенттин ЖМК тармагындагы сыйлыктары менен гранттары тапшырылды

Президент ата мекендик маалымат каражаттары жаңы этапка киргенин белгиледи. Учурда социалдык тармактар, мессенджерлер, платформалар салттуу жана жаңы медианы маалымат талаасынан сүрүп чыгарып жатканы жашыруун эмес. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Өкмөт да, медиа менеджерлер да аталган өзгөрүүлөргө даяр болушу керек, - деди Касым-Жомарт Токаев. Президенттин айтымында, мамлекет, маалымат каражаттары жана коомдун ортосундагы келишим Адилеттүү Казакстандын бекем пайдубалы болууга тийиш. Бул келишим айкындуулук, ишеним жана чынчылдык принциптерине негизделген. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө ата мекендик журналистиканын өлкөдөгү жана дүйнөдөгү процесстерге өзгөчө мамилеси бар экендигин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков