Иш-чарада дүйнөнүн 22 өлкөсүнүн өнүмдөрү элге тартууланып, курулуш тармагындагы жаңы техникалар да тааныштырылды. Белгилей кетсек, казакстандык курулуш материалдарынын көбүнүн Өзбекстандын рыногунда теңдеши жок. Ошондуктан жергиликтүү уюмдар тарабынан республикада жасалган материалдарга суроо-талап жогору. Көргөзмөдө ата мекендик газ блокторун чыгаруучу заводго Грузияда өндүрүш ачуу сунушу айтылды. Кошумчалай кетсек, Казакстанда жасалган бетон плиталарды эми Ташкент шаарын көрктөндүрүү үчүн колдонсо болот. Көргөзмөгө өз өнүмдөрүн алып келген бир нече ишканалар буга чейин экспорт боюнча келишимге кол коюуга жетишкен.
Илияс Бейсенбек, Боёк чыгарган компаниянын соода менеджери:
- Дүйнөлүк боёк брендинин Казакстанда өкүлчүлүгү бар. Алматынын жанындагы заводдо даярдап, Орто Азиянын рыногуна таратабыз. Боёктун бир катар түрү чыгарылат. Өзбекстан - жаңы базар. Бул жерде бизнести өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков