Алматыда «Baiqonyr» X эл аралык кинофестивали башталды

Алматыда «Baiqonyr» X эл аралык кинофестивали башталды

Алматыда «BAIQONYR» дебюттук жана кыска метраждуу тасмалардын X Эл аралык кинофестивалы ачылды. Быйыл сынакка жүздөгөн тасмалар сунушталып, алардын ичинен эң мыктылары тандалып алынды. Мындан тышкары, дебюттук толук метраждуу кино программасына Орусия, Өзбекстан, Грузия, Тажикстандан келген 5 тасма кирди. Уюштуруучулар белгилегендей, ар кайсы өлкөлөрдөн келген тасмалардын мындай ар түрдүүлүгү чек араларды кеңейтип, жаш режиссерлордун дараметин көрсөтөт. Кинофорум Ольга Коротьконун «Чегирткелер, ваш выход» аттуу тасмасы менен ачылды. Бул тасма Казакстан менен Франциянын биргелешкен өндүрүшү болуп саналат.

Ержан Жумабеков, кинотануучу, фестивалдын программалык мүдүрү:

- Фестивалга жалпысынан 800гө жакын арыз келип түшкөн. Бул сынакка 100дөн ашык тасманы тандап алдык. «BAIQONYR» фестивалынын алкагында бул тасмалар мыкты фильм, сценарий, режиссура жана башка номинациялар боюнча бааланат.

Ануар Кенжибаев, Baiqonyr кинофестивалинин президенти:

- «БАЙКОҢЫР»да жаңы долбоор старт алат – бул Алматы сериалдар фестивалы. Башкача айтканда, биз ачылышында Адилхан Ержановдун «Казактын коркунучтуу жомокторун» көрсөтөбүз... Балким, бул Байкоңырда өтө турган абдан жаркын окуядыр. КМШ өлкөлөрүнүн кино таануучулар жана кино сынчылардын 4-Алматы форуму салт боюнча өтөт. Өтө уникалдуу окуя. Дүйнөдө анын аналогу жок.

Фестивалдын алкагында Critics Lab аттуу чыгармачылык лабораториясы да ачылды. Бул жерде студенттерге рецензия жазууну, кадрларды талдоону, интервью алууну үйрөтүшөт. Ошондой эле, сынактык көрсөтүүлөр, лекциялар, мастер-класстар пландаштырылган. Белгилей кетсек, «BAIQONYR» кинофоруму аяк оона айынын 26да чейин өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков