Европа Биримдиги мамлекеттеринде беткап тагуу милдеттүү эмес

Европа Биримдиги мамлекеттеринде беткап тагуу милдеттүү эмес

Европа Биримдиги өлкөлөрү мындан ары аэропорттордо жана учактарда беткап кийүүнү талап кылбайт. Бул тууралуу Европанын Авиация коопсуздугу агенттиги менен Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча Европа борбору билдирди. Себеби, көп өлкөлөрдө эмдөө көрсөткүчү жогорулап, чектөөлөр алынып салынган. Жаңы эрежелер бугу айынын 16нан тарта күчүнө кирет. Бирок, авиакомпаниялар керек болсо беткап тагуу режимин кайра киргизүүгө укуктуу экенин эскертти. Ошондой эле аэропорттордо социалдык аралыкты сактоого кеңеш берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков