Бельгиянын эң ири авиакомпаниясы Brussels Airlines (Брасселз Эйрлайнз) 700гө жакын рейсин кийинкиге калтырды. Жайында, суроо-талаптын күчөгөн мезгилинде учактар учпай турган болду. Буга чейин авиакомпания 148 каттамды токтоткондугун билдирген эле. Эми теке айы жана баш оона айларында дагы 527 кошумча каттам жабылды. Мындай кадам профсоюздардын талабы менен жасалган. Эске салсак, үч күнгө созулган акцияда ишкананын миңдеген кызматкерлери жумуштун көлөмүн кыскартууну талап кылышкан. Коронавирустук чектөөлөр алынып салынгандан кийин чек аралар ачылганына байланыштуу каттамдардын саны кескин өстү. Бирок кызматкерлердин саны көбөйбөй, бул массалык нааразычылыктарга алып келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков