Казакстан окутуучулардын эмгегин баалоо боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Муну Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун TALIS-2024 билим берүү жана окутууну эл аралык изилдөө аныктады. Окуу-агартуу министрлиги мындай көрсөткүч билим берүү системасындагы оң өзгөрүүлөрдү айгинелеп, мамлекет башчысы сунуштаган реформалардын, «Педагог макамы тууралуу» мыйзамдын оң натыйжасын көрсөтөт деп билдирди. Министрлик жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгүн орундуу пайдалануу маданиятына, ошондой эле академиялык адилеттүүлүк принциптерине басым жасаган. Белгилей кетсек, TALIS изилдөөсү билим берүү чөйрөсүн, мугалимдердин иштөө шарттарын, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрүн, педагогикалык тажрыйба менен кесиптик позицияларды баалайт. Сурамжылоого Казакстандан 7 миңден ашык окутуучу жана 370ке жакын мектеп мүдүрү катышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

