Казакстан менен Жапония курамалары ортосунда чүчү кулак тартылды

Токиодо теннис боюнча Казакстан менен Жапониянын кыз-келиндер командаларынын тандоо оюндарынын чүчү кулак тартуу аземи өттү. Эске сала кетсек, бул мелдештен ийгиликтүү өткөн команда «Билли Джин Кубогу» деп аталган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Кортко биринчилерден болуп Анна Данилина менен Нао Хибино чыгат. Андан кийин команданын лидери Юлий Путинцева, чоң шлем турнирдин  4 жолку жеңүүчүсү Наоми Осака менен күч сынашат.

Юлия Путинцева, Теннис боюнча Казакстан аялдар курамасынын мүчөсү: 

 Мен Наоми менен бир нече жолу ойногом. Ошондуктан  толугу менен даярмын. Анын оюн стилинен жакшы кабардармын. Албетте, акыркы өзгөрүүлөрдү машыктыруучу менен иргеп, баарына даяр болобуз.

Бардыгы жолугушууда 5 оюн болот. Анын ичинде атаандашын 3 жолу жеңген команда жеңүүчү аталат. Акыркы - жуптар арасындагы беттеш жолугушуунун тагдырын чечет. Бул жаатта серепчилердин пикиринде, жапон дуэти Сюку Аояма жана Эна Сибихара фавориттер. Деген менен казакстандык жуп - Анна Данилина менен Жибек Куламбаева да татыктуу каршылык көрсөтөрүнөн эч ким күмөн санабайт.

Анна Данилина, теннис боюнча Казакстан аялдар курамасынын мүчөсү: 

 Биздин атаандаштардын жуптары абдан күчтүү жана бири-бирине шайкеш келет. Бирге ойноп келе жаткандарына бир аз убакыт болду. Деген менен мен да аларга каршы  бир нече жолу ойногондуктан, бири-бирибизди жакшы билип алдык. Болгону алар менин түгөйүмдү аягына чейин билишкен эмес. Бул бизге жардам берген факторлордун бири.

Белгилей кетсек, казакстандык мыкты теннисчилердин бири Зарина Диас оюндун алдындагы тизмеде жок. Анткени анын бир нече оор жаракаттардан кийин спортко барышы күмөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков